Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

Аксыда 12 "Апрель баатыры" бул наамдан баш тартууда


Жалал-Абаддын Аксы районунда 12 киши «Апрель элдик революциясынын баатыры» деген төш белгиден жана бул наамдан баш тартууну чечти. Аймактагы кабарчыбыздын айтымында, мындай наамга 2010-жылы райондун 13 тургуну татыган болчу. Алардын бири Исраил Шергазиевдин бүгүн "Азаттыкка" билдиришинче, бул чечим "Апрель окуясынын максаты ишке ашпаганы, аймактарда реформа болбогону, митингчилерге ок аткандар дагы эле жазасын албай жүргөнү" менен түшүндүрүлүүдө.

Жалал-Абад облусунда Апрель окуясынын 35 катышуучусу жашайт. 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя боюнча сот 3,5 жылдан бери уланууда. (YA)

XS
SM
MD
LG