Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Исхак Масалиев Салык кызматынан кетти

Кыргызстандын Салык кызматынын башчысы Исхак Масалиев өз арызынын негизинде иштен алынды. Жаңы төрага белгиленген тартипте дайындалганча бул мекемеде жетекчинин милдетин статс-катчы Замирбек Осмонов аткарып турмакчы. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Кечээ өкмөттө жыйын өтүп, премьер-министр Жоомарт Оторбаев салык жана бажы кызматтарынын ишин сынга алган. Маселен, Салык кызматы быйылкы жылдын биринчи кварталында салык чогултууну 89 гана пайыз камсыздап, бюджетке 1 124,4 млн сом түшпөй калганын айткан. (RK)
XS
SM
MD
LG