Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:58

Мыйзамсыз май куюу жайы курулган жер парк зонасына кайтарылат


Бул туурасында бүгүн шаар кыдырып жүргөн мэр Кубанычбек Кулматов билдирди. Анын айтымында, Бишкектин Түштүк магистралынын боюндагы май куюучу жай турган жердин ижара мөөнөтү быйыл аяктайт.

- Ижара ээси курулуш нормаларын бузган. Жеңил конструкция курула турган жерге капиталдык курулуш баштап койгон. Бул жылы аталган объект бузулуп, жер кайрадан парк зонасына кайтарылышы керек. Ошондой эле Бишкекте май куюучу жайларды курууга биз 3 жыл мораторий киргиздик, - деди мэр.

Буга чейин мэр аталган май куюучу жайдан алыс эмес 5 гектар жерди элиталык үй курам деген курулуш компаниясынан сот аркылуу утуп алганын билдирген. (AzK)

XS
SM
MD
LG