Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:47

Денеси 75% күйгөн Айгерим Дүйшенбиева Москвага операцияга барат


Денесинин 75 пайызы күйүп калган 12 жаштагы Айгерим Дүйшенбиева жакында Москвага операцияга барат. Былтыр 28-апрелде Ат-Башы районунун Ак-Жар айылынын тургуну Айгерим ачык калган трансформатордук подстанцияга ойноп кирип кетип, токко урунган. Буга чейин ага кайрымдуу адамдар чогултуп берген 1 миллион сомдун эсебинен Бишкекте тогуз жолу операция жасалган.

Трансформаторду ачык таштаган Ат-Башы РЭСи өз күнөөсүн моюнуна алганы менен жабыркаган тарапка райондук соттун чечими боюнча чегерилген 5 миллион сом материалдык жардамды төлөп бере элек. “Чыгышэлектр” акционердик коомунун Нарын филиалынын башчысы Атабек Абылгазиев муну жабыркаган тарап алгач 2 миллион сом деп, кийин бул сумманы 5 миллионго көтөрүп жибергени маселе жаратканын билдирүүдө. Алар жардам өлчөмүн так аныктоо үчүн облустук сотко кайрылган. Облустук сот бул ишти эртең, 9-апрелде карай турган болду. (AzK/UEz)

XS
SM
MD
LG