Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

9-апрелге карата аба ырайы


9-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринин айрым жерлеринде -1…-3 градуска чейин үшүк жүрөт. Күндүз республиканын аймагында жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, айрым жерлерде 0...-3, күндүз 13...18,
Талас жергесинде түнкүсүн -1...-3, күндүз 11...16,
Баткенде түнкүсүн 0...5, айрым жерлерде 0...-2, күндүз 11...16,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 7...12,
Нарында түнкүсүн -4...+1, күндүз 11...16,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7...-12, күндүз -1...+4 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн абанын температурасы 1…3, күндүз 15…17 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG