Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

"Градиентке" байланыштуу кылмыш иш боюнча маалымат такталууда


"Градиент" фирмасы боюнча кылмыш ишти тергөө кайсы стадияга келгени тууралуу маалымат такталууда. Баш прокуратуранын маалымат катчысы Сейитжан Апышев аталган мекеменин “басма сөз кызматында азыр бул боюнча маалымат жок экенин" "Азаттыкка" бүгүн билдирди.

Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жоробай Абдраимов бул кылмыш ишти Баш прокуратура өзү козгогонун, ИИМ ишке тийиштүү документтерди гана өткөрүп бергенин билдирди.

Айрым маалымат каражаттарынын маалымдашынча, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин жакындарына таандык деп айтылып жүргөн “Градиент” фирмасына байланыштуу кылмыш иш "ИИМ менен Баш прокуратуранын ортосунда жоголуп кеткен".

Өткөн жылдын декабрь айында ИИМдин Мыйзамсыз кирешени адалдоого каршы башкармалыгы Бишкек мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш мекемесинин айрым кызматкерлерине карата кылмыш иш козгогону кабарланган. Анда Ак-Өргө жаңы конушундагы жолду оңдоо үчүн тендерди уткан “Градиент” фирмасынын атайын техникасы жок экени, жасалган иштин көлөмү көбөйтүлүп жазылып, мамлекетке 1 млн 33 миң сом зыян келтирилгени айтылган. (AzK)

XS
SM
MD
LG