Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:05

ФСБ: Доку Умаров өлтүрүлдү


Умаров 2010-жылдын 29-мартындагы Москва метросундагы жардыруу үчүн жоопкерчиликти алган кайрылуусунда.
Умаров 2010-жылдын 29-мартындагы Москва метросундагы жардыруу үчүн жоопкерчиликти алган кайрылуусунда.
ФСБ чечен сепаратисттеринин лидери Доку Умаровдун өлтүрүлгөнүн тастыктады. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) директору Александр Бортников «Имарат Кавказ» деп аталган террористтик уюмдун лидери быйыл жыл башында жок кылынганын бүгүн кабарлады. Ал Умаровдун кантип өлтүрүлгөнү тууралуу кеңири маалымат берген жок.

Бортников «Түндүк Кавказда 33 атайын операция өткөрүлүп, аларда диний экстремисттик топтордун 36 лидери, 65 мүчөсү жок кылынганын, 200 террорист камалганын» билдирди. Козголоңчуларга жан тарткан «Кавказ-центр» деген интернет сайт Умаровдун курман болгонун кабарлап, аны «азапкөй» деп атаган эле.

Доку Умаров Орусиядагы көптөгөн жардырууларды жасаган деп айыпталган. ФСБ анын өлтүрүлгөнү тууралуу көп ирет жарыялаган, бирок кайра эле Умаров өзүнүн тирүү экени тууралуу видео кайрылууларын интернетке чыгарып келген болчу.

XS
SM
MD
LG