Пакистандын Белужистан провинциясында бүгүн поезд жарылып, кеминде 12 адам набыт болду. Дагы 35 киши жараат алганы кабарланууда. Поезд түштүк-батыштагы Сибби шаарына жеткенде вагондордун бири жарылып кеткен. Бул үчүн азырынча эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек. Мындан бир күн мурун Пакистан өкмөтү Белужистанда 10 сепаратист өлтүрүлгөнүн билдирген болчу.