Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында массалык чуркоо болду. Ага катышкан улуу-кичүү беш жүз, миң, үч жана беш миң метр аралыкка чуркашты. "Биз дени-сак келечек жана тынчтык үчүн!" деген ураан алдында өткөн мелдешти Жалал-Абад облустук ички иштер башкармасы менен Кара-Көл шаардык мэриясы уюштурду. Бул тууралу 8 апрелде ОИИБ басма сөз кызматы билдирди. Мелдешке Кара-Көл шаардык мэриясы 15 миң сом бөлүп, ал акча алдыга өзуп чыккан жөө күлүктөргө тапшырылды. (YA)