Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:24

Беларуста КГБ имаратын жардырган аял 4,5 жылга камалды


Кабар агенттиктери атын атабаган аял 2012-жылдын ноябрында Беларус Мамлекеттик коопсуздук комитетинин (КГБ) Витебск шаарындагы бөлүмүн жардырууга катышканын моюнуна алды деп билдирүүдө. Окуядан эч ким жабыркаган эмес, имараттын айрым терезелери сынган.

Беларуста 2011-жылы Минскиде метрону жардырууга да Витебскинин эки тургуну Владислав Ковалев менен Дмитрий Коновалов айыпталган эле. 15 адам мерт болгон ал жардыруу үчүн бул эки киши өлүм жазасына өкүм этилип, эки жыл мурун тындым кылынган.

XS
SM
MD
LG