Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

Орусия Молдовадан чочконун этин сатып алууга тыюу салды


«Россельхознадзор» ишканасы мунун себебин Молдова Орусияга жасалма документтер менен чочконун этин экспорттогону менен түшүндүрдү. Ишкананын өкүлү бүгүн айтканына караганда, Германияда жана Белгияда жасалган айрым эт азыктары Молдованын продукциясы катары сатылып келген. Евробиримдик Москва жетектеген Бажы биримдигинин аймагына эт экспорттоого укугу жоктугу айтылды.

Кечээ Орусия ушул өңдүү эт азыктарын Польша менен Литвадан сатып алууга да тыюу салган болчу. «Россельхознадзор» соңку чечимдерди бул өлкөлөрдө чочконун африка чумасы катталганы менен түшүндүрдү.

XS
SM
MD
LG