Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:26

Керри: Украинага орус агенттери "хаос" жаратыш үчүн жиберилген


Жон Керри келерки аптада Сергей Лавров менен кайра жолугушарын айтты, 31-март, Париж, 2014-жыл.
Жон Керри келерки аптада Сергей Лавров менен кайра жолугушарын айтты, 31-март, Париж, 2014-жыл.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри «Орусиянын атайын кызматтарынын агенттери Украинанын чыгышында башаламандыкты жаратуу үчүн жөнөтүлгөнүн» айтты. Керринин ишениминде, Орусиянын бул аракети, Крымдагыдай эле, аймакка орус аскерлерин киргизүүгө «жасалма себеп» болуп бериши мүмкүн.

Мамкатчы бүгүн АКШ Сенатынын жыйынында сүйлөгөн сөзүндө эми АКШ менен Европадагы өнөктөштөрү Орусияга каршы катаал санкцияларды киргизсе болоорун айтты. Жаңы жазаналар энергетика, кен казуу жана банк системасына таасирин тийгизиши мүмкүн.

Жон Керри келерки аптада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана украиналык расмий өкүлдөр менен жолуга турганын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG