Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

ПАСЕге Кыргызстан өнөктөш катары кабыл алынды


Франциянын Страсбург шаарында Европа Кеңешинин Парламенттер ассамблеясынын жалпы жыйынында кыргыз парламентине “демократияга өнөктөш” деген макамды караган резолюция көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.

Кыргызстан - Европа Кеңешинин Парламенттер ассамблеясына (ПАСЕ) “өнөктөш” макамына Борбор Азия өлкөлөрүнөн татыган биринчи өлкө болду. 8-апрелдеги добуш берүүгө Жогорку Кеңештин вице-спикери Асия Сасыкбаева башында турган делегация катышты. 2011-жылдын 27-октябрында Жогорку Кеңештин төрагасы Европа Кеңешинин Парламенттер ассамблеясына расмий арыз менен кайрылган.

Европа Кеңешинин Парламенттер ассамблеясы (Parliamentary Assembly of the Council of Europe - PACE) Европа Кеңешине кирген 18 өлкөнүн парламенттер аралык кеңешме органы. 1949-жылдын 5-майында парламенттер аралык кызматташтык үчүн түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG