Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:30

Пилай: Сирия өкмөтү адам укугун бузууда


Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Нави Пилай Сирия өкмөтү жарандардын укугун бузууда куралдуу оппозициядан да аша чаап кеткенин билдирди. Пилай айым 8-апрелде Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин брифингинде сүйлөп жатып, Сириядагы кырдаал өтө татаал экенин белгиледи.

Сириянын БУУдагы элчиси Башар Жафари Нави Пилайдын Сирия өкмөтүнө карата айткан айыптоосун четке какты. Ал Пилай жана Улуттар уюмунун иликтөөчүлөрү от тутанып турган аймакка барып, абалга жеринде байкоо салбастан корутунду чыгарганы туура эмес деп айтты.

Сирияда үч жылдан бери уланып жаткан согушта 150 миңден ашуун киши мерт кетти. Миллиондогон жарандар башка өлкөлөрдө баш калкалап жүрөт.

XS
SM
MD
LG