Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:27

Аксыдан Өзбекстанга өтүп кеткен кой-эчкилер кайтарылды


Өзбекстандын Янги-Курган чек ара отряды Аксынын Кош-Дөбө айылынын тургундарына тиешелүү болгон 143 баш кой-эчкини 8-апрелде кыргыз чек арачыларына өткөрүп берди. Жандыктар 4-апрелде чек арага жакын жерде оттоп жүрүп, Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен болчу.

Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн тургундары аларды кайтарып алуу өтүнүчү менен Ала-Бука чек ара кошуунуна кайрылышкан.

Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, кой-эчкилер ээлерине кайтарылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы 8-апрелде билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG