Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:33

Бажы биримдигине кирүү "Жол картасы" боюнча пикирлер кайчы


Бажы биримдигине кирүү боюнча Евразия экономикалык комиссиясы менен Кыргызстан Жол картасынын айрым шарттары тууралуу бир пикирге келе алган жок. Бул тууралуу бүгүн экономика министринин орун басары Данил Ибраев журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, аталган шарттардын ичинде “жарандардын, автоунаа, финансы каражаттарынын жүрүү эркиндиги жана озон катмарын бузуучу товарлар тууралуу маселелер ачык бойдон калууда". Булар Жол картасына кол коюлгандан кийин кайрадан каралууга жатат.

Ибраевдин маалыматына караганда, Жол картасына кол коюу боюнча жолугушуу жакынкы күндөрү болот. Анын айтымында, Жол картасы Бажы биримдигине кирүү мөөнөтүн аныктабайт, интеграциялык жараяндардын мөөнөтүн аныктайт.

Маалыматка ылайык, Бажы биримдиги боюнча айрым мыйзамдарды кабыл алуу, өткөрүү пункттарын ылайыкташтыруу жана тийиштүү сертификаттар боюнча даярдыктардын мөөнөтү аныкталмакчы.

Өткөн жылы декабрь айында Москва саммитинде Кыргызстан “Жол картасына” кол коюудан баш тартканы белгилүү. Анда кыргыз бийлиги ал карта Бишкек менен макулдашылбаганын, улуттук кызыкчылыгы сакталган шартта гана Кыргызстан Бажы биримдигине кирерин так кесе айткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG