Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Күч кызматкерлеринин укугун коргоочулар митингге чыкты


Ушу тапта Бишкектин Максим Горький атындагы аянтчасында күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин укугун коргоого арналган митинг башталууда. Ага, кабарчыбыздын айтымында, 100гө жакын киши келди. Акциянын катышуучулары УКМКнын "Альфа" атайын бөлүгүнүн соттолуп жаткан кызматкерлеринин укугу тебеленип жатканын, 4 жылдан бери сот жыйынтыкталбай, офицерлер чайналып келатканын айтууда.

2010-жылдын 7-апрелинде Ак үйдүн жанында демонстранттардын атылышы боюнча соттолуп жаткандар арасында "альфачылар" да бар. Прокуратура аларды адам өлтүрүү деген айып боюнча актап, куралын тарттырып жибергени үчүн гана соттоону сунуштоодо. Сот чечими чыга элек. (UEz/RK)

XS
SM
MD
LG