Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:49

“Түстүү ыңкылаптарга" каршы турууга арналган талкуу өтөт


10-апрелде Беларустун баш калаасы Минск шаарында “Түстүү ыңкылаптарга жана сырттан кийлигишүүгө каршы турууда коомчулук менен бийликтин биргелешкен аракети” деген аталышта тегерек үстөл жыйыны болмокчу. Анда ЖККУнун Баш катчысы Николай Бордюжа аталган уюмдун бул маселе боюнча аракеттери тууралуу сөз сүйлөйт. СССР, Орусия, Югославия, Ооганстан, Ирак, Украина, Грузия, Тунис, Ливия, Египет, Сирия менен катар Кыргызстандагы окуялар тууралуу да сөз болмокчу. Талкуу учурунда сырткы күчтөр тарабынан “түстүү ыңкылаптар” өткөн өлкөлөрдө "коомдук-саясий абалды курчутуучу чагым иштеринин үлгүлөрү, каржылоо иштеринин жүргүзүлүүсү, коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууда бейөкмөт уюмдардын, маалымат каражаттарынын, социалдык тармактардын жана блог тармагынын ролу" тууралуу сөз болуп, мындай көрүнүштөргө каршы туруунун идеологиялык, атуулдук жана нравалык технологиялары талкууланат.

Иш-чара Беларус бийлиги менен ЖККУ катчылыгы тарабынан уюштурулууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG