Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:02

Жалал-Абад – Балыкчы жолун курууга даярдык көрүлүүдө


Жалал-Абад – Балыкчы унаа жолун курууга даярдык көрүлүүдө. Узундугу 433 чакырым болгон жолдун 1-бөлүгүн курууга техника иш башталар жерде турат. Жолго төшөөгө шагыл Көк-Арт дарыясынан алынат. Жолду кытайлык "Чайна Роуд" компаниясы курарын облустук бийликтин аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ажимамат Исаев билдирди. Учурда Сары-Кыр ашуусунда кар жаткандыгына байланыштуу Жалал-Абад – Казарман жолу ачыла элек.

Кыргыз бийлиги азыркы Бишкек – Ош унаа жолуна альтернативалуу жолду түндүк аймак аркылуу алып өтүүнү пландоодо.(YA)

XS
SM
MD
LG