Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Бишкекте жол кайгуул кызматкери бычак жеди


Борбор калаанын Бөкөнбаев - Манас көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз бирөө жол кайгуул кызматкерине бычак шилтеген. Жараат алган кызматкер “Тез жардам” менен Улуттук госпиталга жеткирилип, реанимация бөлүмүнө жаткырылды. Шаардык жол кайгуул кызматынын маалымдашынча, кызматкерге бычак сайган адам 28 жаштагы жаран мас абалда болгон, жөө басып баратып, эч кандай себепсиз бычак шилтеп жиберген. Учурда ал кармалды.

Февраль айында Боом капчыгайында жол кайгуул кызматкерлерине куралдуу кол салуу болуп, бирөө ооруканага жетпей жан берген, экинчиси жарадар болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG