Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:19

“Ыйман” фондунун уставы бекитилди


Президенттин жарлыгы менен “Ыйман” руханий маданиятты өнүктүрүү фондунун уставы жана Байкоочу кеңештин курамы бекитилди. Ага ылайык, Байкоочу кеңештин төрагалыгына президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков дайындалды. Мүчөлөрү болуп президенттик аппараттын этникалык, диний саясат бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Орозбек Молдалиев жана Кыргызстандагы Ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов дайындалды.

“Ыйман” руханий маданиятты өнүктүрүү фонду, уставга ылайык, кыргызстандыктардын руханий жана интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга, толеранттуулукту бекемдөөгө, конфессиялар аралык ынтымакты өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоого алат. Жарандар арасында диний экстремизмге жана терроризмге каршы туруу боюнча агартуу иштерин жүргүзүүгө жана Кыргызстандагы салттуу динди колдоого милдеттендирилген.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG