Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

Күйүк алган кызга компенсация боюнча сот чечими чыкты


Токко тартылып жабыркаган кызга “Чыгышэлектр” акционердик коомунун Нарын филиалы 3 миллион 64 миң сом төлөп берүүгө тийиш. Мындай чечим бүгүн Нарын облустук сотунда кабыл алынды. Бирок жабыркаган тарап буга макул болбой, жогорку инстанцияга кайрылмай болууда.

Былтыр 28-апрелде Ат-Башы районунун Ак-Жар айылынын тургуну Айгерим ачык калган трансформатордук подстанцияга ойноп кирип кетип, токко урунган. Трансформаторду ачык таштаган Ат-Башы РЭСи өз күнөөсүн моюнуна алганы менен жабыркаган тарапка шаардык соттун чечими боюнча чегерилген 5 миллион сом материалдык жардамды төлөп бере элек.

“Чыгышэлектр” акционердик коомунун Нарын филиалынын башчысы Атабек Абылгазиев муну жабыркаган тарап алгач 2 миллион сом деп, кийин бул сумманы 5 миллионго көтөрүп жибергени маселе жаратканын билдирүүдө. Алар жардам өлчөмүн так аныктоо үчүн облустук сотко кайрылган. Денесинин 75 пайызы күйүп калган 12 жаштагы Айгерим Дүйшенбиева жакында Москвага операцияга барат. Буга чейин ага кайрымдуу адамдар чогултуп берген 1 миллион сомдун эсебинен Бишкекте тогуз жолу операция жасалган. (TSh)

XS
SM
MD
LG