Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:29

Алайда бир унаа өрттөлдү, азыр абал тынч


Бүгүн Алайда нааразылык акциясына чыккандар протест белгиси катары акимчилик алдында бир жеңил унааны өрттөп жиберишти, бирок өрт өчүргүчтөр аны басып койду. Азыр абал тынч.

Жергиликтүү тургун Гүлбара Калыбаева “Азаттыкка” билдиргенине караганда, “акимчилик талкаланды, басып алынды” деген маалымат чындыкка коошпойт. "Акимчиликтин алдында топтошкон эл тынч эле турат", - дейт Калыбаева.

Бул маалыматты Ош облустук милициясынын маалымат кызматы да тастыктады. Басма сөз өкүлү Жеңиш Ашырбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, эч кандай талкалоо жок, азыр тараптар сүйлөшүү жүргүзүүдө.
Айрым маалымат каражаттары Алайда митингчилер райондук администрацияны басып алышканын жазган.

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун тарапкерлери анын камактан бошотулуусун талап кылып, Алай райондук акимчилигинин алдына митингге чыгышкан. Алар менен райондун акими Таалай Сарыбашев жолугушуп, талаптарын жогорку бийликке жеткирүүнү убада кылган. Митингчилер талабы аткарылбаса Ош – Эркеч-Там жолун тосорун жана Ош шаарына жөө жүрүш менен барарын айтып эскерткен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG