Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:17

Аваков: Луганскта орусиячылдар “тилге келбесе”, күч колдонулат


Украинанын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын айтымында, курал-жараксыз 50дөн ашык адам Луганск облустук коопсуздук кызматынын имаратынан чыгып кетти. Орусиячыл активисттер имаратты 6-апрелде басып алган соң ар кайсы бөлүгүнө жардыргыч зат орнотуп, 60 адамды барымтада кармап турушканы кечээ маалымдалган. Протестчилер бул маалыматты калпка чыгарууда. Имараттан чыккандар протестчилерби же барымтада кармалгандарбы, белгисиз. Виталий деген орусиячыл "Ройтерс" агенттигине мындай деди: “Бул биздин акыркы шансыбыз. Харьковду алдырдык. Донецкини алдырдык. Николаев мурда эле жоготулган. Одесса колдон чыгууда. Бул биздин жалпы Украина элине калган акыркы үмүтүбүз”.

Ушу тапта жергиликтүү бийлик имаратты бошотуу боюнча протестчилер менен сүйлөшүү жүргүзүүдө. Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков "сүйлөшүүдөн майнап чыкпаса, күч колдонулат" деп билдирди.

XS
SM
MD
LG