Бүгүн Ирактын борбору Багдадда удаа-удаа бомба жардыруулары болду. Автомобилге коюлган бомбалар негизинен шаардын шииттер жашаган бөлүктөрүндө жарылды. "Ассошейтэд пресс" агенттигинин Ирак полициясына шилтеп кабарлашынча, кеминде 16 адам өлдү.
Ирактыктардын Саддам Хусейндин бийлиги кулатылганынын 11 жылдыгын майрамдап жатканда болгон бомба чабуулдары үчүн жоопкерчиликти бир да топ өзүнө ала элек.
Саддамдын режими 2003-жылы өлкөгө АКШ башындагы күчтөр киргенден кийин кулатылган.
Иракта 30-апрелде парламенттик шайлоо өтөт. Бирок, батыштагы Анбар провинциясында абал татаал бойдон калууда.