Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Шашылыш билдирүү: Аба ырайы кескин өзгөрөт


Синоптиктер маалымдашынча, 11-апрелден 14-апрелге чейин Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, жаан жаап, тоолуу аймактарга кар түшөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт. 13-15-апрелде абанын температурасы төмөндөп, дыйканчылык аймактарда түнкүсүн үшүк жүрүшү күтүлөт. Күндүз абанын температурасы -6 градуска чейин төмөндөйт. Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин үзгүлтүккө учуратып, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Үшүк жүрүшү мөмөлүү бактарга коркунуч алып келет.

10-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын багыты батыш тарапка өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 20...25 градус ысык болот.
Таласта түнкүсүн 1...6, күндүзү 18...23 градус ысыйт.
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 3...9, күндүзү 18...24 градуска чейин ысык болот.
Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2...+3, күндүзү 11...16 градус жылуу болот.
Нарында түнкүсүн -1...-6 градус суук, күндүзү 12...17 градуска чейин жылыйт.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10...-15, күндүзү -2...+3 градус болот.

10-апрелде Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын багыты батыш тарапка өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундуна 4-9 метр болот. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 5…7° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 21…23° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG