Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:51

Жээнбеков: АКШга качуу оюмда жок


Улуттук оппозициялык кыймылдын лидери, депутат Равшан Жээнбеков АКШга башпаанек алуу үчүн эмес, кызы окуп жаткан окуу жайдын чакыруусу менен барат. Интернеттеги “Жээнбеков Америкадан качкын статусун сурап жатат”,- деген маалымат чындыкка төп келбейт. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутат өзү маалымдады:

- Айрым маалымат булактары тактабай эле ушул кабарды таратып атат. Бул атайын жасалууда. Маалыматты бирөө аркылуу эмес, менин электрондук дарегимди бузуп кирип, ошол жактан алышканын билем. Анткени, почтамда АКШга май айында барышым тууралуу каттар бар болчу. АКШдагы окуу жайлар жыл сайын студенттердин ата-энелери менен жолугат. Мен ошол максатта барып жатам”,- деди Жээнбеков.

Анын айтымында, депутат Өмүрбек Абдырахманов да уулу окуп жаткан университетке барууга камданып жүрөт.

“Жээнбеков АКШдан башпаанек сурап жатат”,- деген маалымат интернетте бүгүн - 9-апрелде жарыяланган. (SE)

XS
SM
MD
LG