Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Путин Украинанын газ үчүн карызын эскертти


Украина газ үчүн карызын жөндөө боюнча сүйлөшүүгө келиши шарт, антпесе Орусия Киевди газдын акысын алдын ала төлөөнү талап кылат. Бул жөнүндө президент Владимир Путин 9-апрелде Ново-Огареводогу резиденциясында өткөн жыйында эскертти. Бирок Украинанын оор абалына жана Евробиримдик менен жүрүп жаткан сүйлөшүүгө байланыштуу өкмөттү жана "Газпромду" азырынча чечкиндүү кадамга барбай турууга буйруду. Путиндин айтымында, Европа Украинанын жаңы өкмөтүн тааныганы менен өлкөгө “сары чака да” берген эмес. Орусия тескерисинче, Украинанын экономикасын жүз миллиондогон долларга субсидиялоону улантууда.

Украинанын көгүлтүр отун үчүн карызы 2,2 млрд. долларга чыкканын премьер-министр Дмитрий Медведев маалымдады.

XS
SM
MD
LG