Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:54

Тажикстанда ТАЛКОну жардырмак болгондор кармалды

Тажикстандын коопсуздук кызматтары Турсунзаде шаарындагы алюминий заводун жардырууну мерчемдеген террордук топту кармады. Ички иштер министрлигинин өкүлү Жалолиддин Сабридиновдун маалымдашынча, Борбор Азиядагы эң чоң алюминий заводу - ТАЛКО компаниясын жардырмак болгон кылмыштуу топтун мүчөлөрү жардыруучу заттар менен кошо өткөн аптада кармалган. Кармалгандардын төртөө ТАЛКОдо иштегендер экенин ИИМдин өкүлү “Азаттык” радиосуна айтты.
XS
SM
MD
LG