Синоптиктердин маалымдашынча, 11-14-апрель күндөрү Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, жаан жаап, тоолуу аймактарга кар түшөт. 13-15-апрелде дыйканчылык аймактарда түнкүсүн үшүк жүрүшү күтүлөт. Күндүз абанын температурасы -6 градуска чейин төмөндөйт. Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин үзгүлтүккө учуратып, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Үшүк жүрүшү мөмөлүү бактарга коркунуч алып келет. (SE)