Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:27

Вокзалдын жанында чогулгандарды да милиция кармап кетүүдө


Бишкектин темир жол вокзалында чогулгандарды үч автобус менен келген күч кызматкерлери алып кетүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы, "Борбор Азия мамлекеттериндеги адам укугу боюнча конгресси" коомдук уюмунун жетекчиси Турсунбек Акун билдирди. Аталган уюмдун 12 өкүлү бүгүн Бишкекте өтө турган оппозициянын митингине мониторинг жүргүзүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG