Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

“Кыргызгазды” сатуу боюнча “Газпром” менен келишимге кол коюлат


“Кыргызгаз” ишканасынын 100% акциясын Орусиянын “Газпром” компаниясына сатуу тууралуу келишимге кыргыз тараптан президенттик аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков, энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, “Кыргызгаз” ишканасынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев, ал эми Орусия тараптан “Газпром” компаниясынын жетекчиси Алексей Миллер, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько, “Газпром нефть Азия” ишканасынын жетекчиси Болот Абилдаев жана башкалар катышууда.

Эки тараптуу келишимге ылайык, “Кыргызгаз” ишканасынын негизинде Орусиянын “Газпромуна” таандык болгон “Кыргызгазпром” аттуу ишкана түзүлмөкчү. Мындай келишимге өткөн жылы 26-июлда Москвада кыргыз тараптан энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев, орус тараптан энергетика министри Александр Новак кол койгон.

Келишим боюнча, “Кыргызгаздын” бардык активдери жаңыдан түзүлгөн “Кыргызгазпромго” өткөрүлүп берилет. Орусиянын “Газпромуна” таандык болуучу жаңы ишкана Кыргызстанда катталып, кыргыз мыйзамдары менен иштейт. Ал ошондой эле “Кыргызгаздын” бюджетке 600 млн сом, Казакстанга 13 млн доллар карызын төлөө милдетин алат.

Орустар 20 млрд рубл же 670 млн доллар инвестиция салып, бүт инфраструктураны жаңылоону моюнуна алган. Ошондой эле газ сактоочу жайларды куруу жана газ жетпей жаткан жерлерге газ жеткирип, Кыргызстанды газ менен толук камсыздоо милдетин алган. “Газпром” мындан тышкары 100 млн доллар Кыргызстанда газ кендерин издөө, иштетүүгө жумшоону убада кылган. "Кыргызгаз" ишканасы Орусияга символдуу түрдө 1 долларга сатылган. (ZKo;EBM)

XS
SM
MD
LG