Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:36

Митингчилерге Ташиев келип кошулду


“Ата-Журт” партиясынын лидери, УОКтун теңтөрагасы Камчыбек Ташиев азыр журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. Ал "кыргыз эли бир эмес эки ыңкылапты башынан өткөргөнү менен улам бийликке келгендер элдин мүдөөсүн уурдап коюп жатышат" деп билдирди. Камчыбек Ташиев бийлик өзүнө каршы чыккандарды ар кандай жол менен куугунтуктап, кысууга өткөнүн айтып, ага мисал катары бүгүн “Октябрь” кинотеатрынын жанынан милиция уулу Таймурас Ташиевди кармап кеткенин айтты.

Бүгүн саат ондордо "Октябрь" кинотеатрынын жанында чогулуп жаткандардын 20 чактысын милиция кармап кетти. Алардын арасында оппозиционер саясатчы, аталган кыймылдын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу да бар экени кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG