Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

Бишкекте оппозициянын митинги расмий башталды


Митингди УОКтун мүчөсү Камчыбек Ташиев ачып, сөз сүйлөдү. Ал митингге келгендерге ыраазылык билдирип, аларды коомдук тартипти бузбай, ар кандай чагымга алдырбай, митингдин аягына чейин туруп, кайра тынч тарап кетүүгө чакырды.

Ташиев өзүнүн сөзүндө азыркы бийлик айтылгандарды укпаганына байланыштуу митинг уюштурууга аргасыз болушканын белгиледи. Ал элдин жашоосу күн өткөн сайын оорлоп, коррупция кайра күчөп, соттор көз каранды болуп жатканын кошумчалады. Саясий куугунтук күчөп жатат деп белгилеген Камчыбек Ташиев кыргыз элинде эки жол бар экенин айтууда. "Биринчиси, унчукпай бийликтин кылганына көз жумуп жашоо, экинчиси, өлкөдө адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту орнотуу үчүн чогуу күрөшүү" дейт Камчыбек Ташиев.

“Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев мурдагы бийликтердин тушунда райондук жетекчиликтен тартып, ЖК депутаты, министр болуп иштеген. 2012-жылы “конституциялык түзүлүштү бузууга чакырык таштаган, мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган" деген айып менен камалып, сот жообуна тартылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG