Аймактык кабарчыбыздын билдиргени боюнча, Түп, Саруу айылдарынан келип, облустук мамлекеттик администрациянын алдына митинг өткөрүүгө ниеттенген жаштарды милиция кармап алып кетти. Айрымдары качып кутулду. "Милиция кызматкерлерине “Ысык-Көл жаштары” коомдук уюмунун өкүлдөрү да жардам беришти", - деп билдирди кабарчыбыз.
Мурдараак облустук милиция Каракол шаарында жана жалпы облус аймагында митинг өткөрүү тууралуу маалымдама түшпөгөнүн кабарлаган.(MK;ZKo)
Мурдараак облустук милиция Каракол шаарында жана жалпы облус аймагында митинг өткөрүү тууралуу маалымдама түшпөгөнүн кабарлаган.(MK;ZKo)