Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:43

Оппозиция өз өкүлдөрүн президентке жөнөтмөй болууда


Бишкекте өтүп жаткан оппозициялык митингдин УОК теңтөрагасы Равшан Жээнбеков баштаган 5-6 өкүлү президент менен сүйлөшүүгө жөнөтүлөт. Мындай чечим митингде кабыл алынды.

- Биз бийликтин алдынан өтүп коёлу. Чындык биз тарапта. Эгер биздин өкүлдөрдү кабыл албай, талаптарыбызды аткарбай турган болсо, анда түштөн кийин ушул жерде чечим кабыл алабыз, - деди УОКтун мүчөсү Азимбек Бекназаров.

Саат 14:00дө митингчилерге түшкү тамак берилет. Акция Горький атындагы аянтчада өтүүдө. Уюштуруучулардын айтымында, 2-3 миң киши, ал эми көз каранды эмес байкоочулардын билдиришинче, 1,5 миң киши топтолуп турат. (RK)

XS
SM
MD
LG