Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:29

Кармалгандардын бир тобу бошотулду


Милициянын Төмөнкү Ала-Арчадагы бөлүштүрүүчү жайында кармалып турган Саруудан келген 200 чамалуу киши кайра бошотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” алардын бири Абай Узаков кабарлады. Анын айтуусунда, камактан бошотулгандар жалпы митингге кошулганы келе жатышат.

Саруу айылынан бүгүн Бишкектеги оппозициянын митингине катышуу үчүн келген 200 чамалуу кишини милиция кармап кеткен. Алар кармалып турган Төмөнкү Ала-Арчадагы бөлүштүрүүчү жайга акыйкатчы Бакыт Аманбаев менен “Ата Журт” партиясынын парламенттеги депутаты Кантемир Мырзабеков барып жолуккан. Милиция менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кармалгандар бошотулду.

Бүгүн саат он чендерде Бишкек шаарындагы темир жол бекетинен, “Октябрь” кинотеатрынын алдынан жана башка жерлерден митингге баруу үчүн чогулган адамдарды милиция кармап кеткен. Шаардык милиция муну оппозициядан Горький гүлбагында митинг өткөрүү тууралуу гана маалымдама берилгенине байланыштырып, башка жактарда чогулуунун мыйзамсыздыгы менен түшүндүрүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG