Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:52

Турчинов: Өкмөттүк имараттар бошотулса, жаза болбойт


Украинанын утурумдук президенти Александр Турчинов чыгыш аймактагы өкмөттүк имараттарды ээлеп алгандар аларды бошотуп, курал-жарагын өткөрүп берсе жоопко тартылбай турганын билдирди. Турчинов ал үчүн атайын президенттик буйрук чыгарууга даярдыгын айтты.

Орусиячыл активисттер 6-апрелден бери Украинанын Луганск жана Донецк шаарларында өкмөттүк имараттарды ээлеп турат. Кечээ Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков проблема же сүйлөшүүлөр, же күч колдонуу аркылуу чечилет деп айткан.

Киев өкмөтү "өлкөнүн негизинен орус тилдүү калк жашаган аймактарындагы козголоңдун артында Орусия турат" деп айыптоодо. Москва Украинанын жерлерин тартып алгысы келет деген дооматтарды четке кагууда.

XS
SM
MD
LG