Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:45

Турганбаев: Кармалгандардын баары бошотулду


Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын башчысы Мелис Турганбаев “Азаттыкка” митингге байланыштуу кармалган 200 чамалуу кишинин бардыгы чыгарылганын билдирди. Милиция башчысынын айтуусунда, алардын өздүгү текшерилип, түшүндүрүү иштери гана жүргүзүлгөн. Ал эми УОКтун мүчөсү Кубанычбек Кадыров башка иштер боюнча камалганын Турганбаев кошумчалады.

Бүгүн Бишкек шаарындагы темир жол бекетинен, “Октябрь” кинотеатрынын алдынан жана башка жерлерден митингге баруу үчүн чогулган адамдарды милиция кармап кеткен болчу. УОКтун мүчөсү, "Чындык" партиясынын лидери Кубанычбек Кадыров шаардык милицияда тергөөчүнүн бөлмөсүндө отурганын "Азаттыкка" өзү кабарлаган.

Ошондой эле Саруудан келген активист Замир Меңдибаевдин да дайыны жок болууда. Меңдибаев Жеңиш аянтынан саруулуктар менен кошо кармалганы кабарланган. Дагы бир саруулук активист Абай Узаковдун айтуусунда, ал милициянын Төмөнкү Ала-Арчадагы бөлүштүрүүчү жайында болгон эмес, кармалгандар бошотулган учурда милиция аны УКМК алып кеткенин айткан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул боюнча комментарий бере элек.

Акыйкатчы Бакыт Аманбаев да кармалган 200 киши бошотулганын билдирди. (UEz/ZKo)

XS
SM
MD
LG