Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:22

Орусия АКШнын мунай боюнча эскертүүсүн четке какты


Орусия АКШнын Иран менен мунай боюнча контрактка кол койбоо эскертүүсүн четке какты. Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябковдун айтымында, "Москва коркутуп-үркүтүүлөргө моюн сунбайт". "РИА Новости" агенттиги анын "Орусия менен Ирандын соода алакалары – бул табигый процесс жана кимдир бирөөлөр үчүн “саясий же экономикалык проблема жаратпайт” деген сөздөрүн келтирет.

“Коммерсант” басылмасы маалымдаганына караганда, Москва Ирандан күнүнө 500 миң баррел мунай сатып алууну пландоодо.

Аналитиктер келишим түзүлсө бул кадам өткөн жылы жетишилген убактылуу макулдашууну бузаарын айтышат. Дүйнөлүк державалар менен Тегеран ортосундагы макулдашуу Ирандын мунай экспортун чектейт. 7-апрелде АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Вашингтон Орусия менен Иран келишимден баш тарышпаса, санкция колдонулаарын эскерткен.

XS
SM
MD
LG