Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:21

Президент Атамбаев «Газпромдун» төрагасын кабыл алды


Жолугушуунун жүрүшүндө газ тармагындагы кызматташуу боюнча конкреттүү пландар талкууланды. Алексей Миллер «Газпром» 5 жылдын ичинде «Кыргызгаз» ишканасынын 40 млн. долларлык карызын жаап, газ тармагын өнүктүрүүгө 600 млн. доллар жумшай тургандыгын маалымдады.

Миллер ошондой эле Кыргызстанда жаратылыш газын геологиялык чалгындоо боюнча пландарын да айтты.

Президент Алмазбек Атамбаев тургундарды арзан баадагы газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруп, Кыргызстандын энергетикалык эгемендигин камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди баса белгиледи.

Бүгүн «Кыргызгаз» ишканасын «Газпром» компаниясына сатуу боюнча келишимге кол коюлду. Документке «Кыргызгаз» ишканасынын башкы директору Тургунбек Кулмурзаев менен “Газпромдун” төрагасы Алексей Миллер кол коюшту. (ZKo)

XS
SM
MD
LG