Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:16

Евробиримдик украиналык аткаминерлердин "кара тизмесин" узартат


Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери эмки жумада украиналык дагы 4 кишини “кара тизмесине” киргизгени жатат. Украинанын мамлекеттик каражатын өз кызыкчылыгында пайдаланган аткаминерлердин катарында мурдагы президент Виктор Янукович жана анын бир уулу бар.

Министрлер Орусия боюнча дагы бир "кара тизмеге" жеке адамдардан тышкары бир катар банктарды да камтышы ыктымал жана азыркы лицензия аяктагандан кийин Москвага курал-жарак эмбаргосун киргизиши мүмкүн. Ошондой эле Крымдан товар импорттоого тыюу салуу караштырылууда.

Бирок айрым мамлекеттер катаң чара көрүүгө каршы болууда. Германия мындай кадамдар АКШ, Орусия, Украина жана Еврошаркеттин тышкы иштер министрлеринин байланыш тобунун 16-апрелге мерчемделген жолугушуусун үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн деген көз карашын билдирди.

XS
SM
MD
LG