Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:29

Өзбекстан президентинин айрым ыйгарым укуктары премьерге өтөт


Өзбекстан парламентинин өйдөңкү палатасы – Сенат конституцияга өзгөртүү киргизип, премьер-министрдин ыйгарым укуктарын кеңейтти. Сенат жактырган алымча-кошумчаларга ылайык, президенттин айрым милдеттери өкмөт башчыга өтмөкчү.

Парламентке болсо кабинеттин ишмердигин көзөмөлдөө укугу берилди. Бирок президенттин кайсы ыйгарым укуктары премьерге берилээри маалым боло элек. Төмөнкү палата президент Ислам Каримовдун демилгеси менен киргизилип жаткан конституциялык өзгөртүүлөрдү өткөн айда жактырган. Алар президент кол койгондон кийин күчүнө кирмекчи.

XS
SM
MD
LG