Линктер

шаршемби, 18-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:23

Өкмөт башчы тажик премьер-министри менен сүйлөштү


КР өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев бүгүн Тажикстандын премьер-министри Кохир Расузода менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин талкуулашты. Ошондой эле чек ара маселелери боюнча өкмөттүк делегациянын иштеринин абалы жана келечеги тууралуу да сөз болду. Тажикстандын премьер-министри кыргыз өкмөт башчысын премьер-министрликке бекитилиши менен куттуктады.

Ошондой эле бүгүн КР тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Олим Рахимов менен жолугушту. Анда кыргыз-тажик кызматташтыгынын маанилүү маселелерин талкуулоо үчүн эки тараптуу өкмөттүк делегациянын жолугушуусуна даярдык тууралуу сөз болду. Делегациянын жолугушуусу качан болору маалымдалган эмес. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG