Ооганстандагы америкалык жана чет өлкөлүк аскерлердин командачысы, генерал Жо Данфорд Кабулда ооган армиясынын бөлүмүнүн командирлери менен жолугушту. Данфорд ооган аскерлеринин 5-апрелдеги президенттик шайлоодо коопсуздукту камсыздай алганын мактап, Талибан шайлоону үзгүлтүккө учуратуу максатына жете алган жок деп белгиледи. Быйыл өлкөдөн чет өлкөлүк аскерлер чыгарылат. Бирок генерал Данфорд ооган күчтөрүнө жардам мындан ары да улантылат деп убада кылды.