Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын газ боюнча карызы транзитке таасир этиши мүмкүн деп эксертти. Кремлдин маалыматына ылайык, Путин 10-апрелде бир катар европалык лидерлерге жолдогон катында проблеманы чечүү үчүн чукул диалогго чакырды. "Газпром" компаниясы Украинанын карызы 2,2 миллиард долларга жеткенин, өлкө март айы үчүн акчаны которо электигин билдирген. Путин Киев карыз боюнча сүйлөшүүлөргө көнбөсө, газ үчүн каражатты бир ай мурда төлөп туруу талап кылынарын айткан. Баа талашынан улам "Газпром" 2005-2006 жана 2008-2009-жылдардын кыш айларында Украинага газ жеткирүүнү токтотуп койгон. Анын айынан Украина аркылуу Европа өлкөлөрүнө ташылган газдын көлөмү азайган.
.
.