Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:40

Курманжан Даткага арналган чыгармачылык кече өтөт


Бүгүн Бишкекте Курманжан Даткага арналган чыгармачылык кече өтөт. Анын алкагында кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин “Курманжан Датка” дастанынын бет ачары болот. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Кечки саат 6да “Саябан” театр-кафесинде өтө турган иш-чарага адабий чөйрө өкүлдөрүнөн сырткары Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери жана интеллигенция өкүлдөрү чакырылган.

Маданий кече “Курманжан Датка” фондунун демилгеси менен уюштурулуп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG