Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:07

Жогорку Кеңештин депутаттары Чилиде тажрыйба алмашууда

Депутаттар Айнуру Алтыбаева менен Улукбек Кочкоров ушул күндөрү Чили Республикасында иш-сапары менен жүрөт. Алар мамлекеттик сатып алуулар тутумун ѳркүндѳтүү боюнча тажрыйба алмашууда. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Депутаттар сатып-алуулар боюнча типтүү келишимдерди түзүү, маалыматтарды чогултуу жана электрондук сатып-алууларды ѳткѳрүү боюнча адистер менен жолугуп, Кыргызстанга ыңгайлуу жагын үйрөнүп жатышат.

6-апрелде башталган иш сапар бүгүн жыйынтыкталат. (SE)
XS
SM
MD
LG