Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:11

Милиция акча үчүн митингге чыккандарды кармады


Улуттук оппозициялык кыймыл 10-апрелде уюштурган митингдин айрым катышуучулары уюштуруучулар аларга 1500 сомдон акча төлөгөнүн айтып чыгышты.

Милициянын ыкчам кызматы тараткан тасмада Сузак районунан Бишкекке митингге келген эки жигит аларга “Томас” май куюу тармагынын кызматкери нааразылык акциясына катышуу үчүн акы төлөгөнүн билдиришкен.

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгын басма сөз катчысы Бакыт Сеитов “Азаттыкка” кабарлагандай, акы төлөнгөн митингчилер “Ош” жана “Аламүдүн” базарынын жанындагы жеке мейманканаларга жайгашкан. Алардын баарынын тизмеси такталып, 1500ден 3000 сомго чейин акча төлөнгөнүн түшүнүк кат аркылуу тастыктап беришкен. Териштирүү иштери уланууда.

Тасмада аты аталган “Томас” ишканасы оппозиционер Камчыбек Ташиевге таандык экени айтылат.

Оппозиция өкүлдөрү муну аларга карата ойлоп табылган кезектеги саясий оюн катары сыпаттоодо. (SE)

XS
SM
MD
LG