Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:23

“Билайндагы” кымбаттоого каршы акция өтөт


“Билайн” уюлдук операторунун кызмат көрсөтүүлөрүнө баанын кымбатташына каршы жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн пикетке чыгат. Бишкек шаарында Байланыш боюнча улуттук агенттиктин жанында өтө турган акция тууралуу “Азаттыкка” Токтонасыров өзү кабарлады. Активист агенттикке “Билайнды” лицензиясынан ажыратуу талабын коймокчу.

1-апрелден баштап “Билайндын” кызматынан пайдалангандар бирдик жүктөө үчүн кошумча акча төлөй башташты. Буга чейин 5 сом акы алган компаниялар эми бирдик салуу акысын 9 сомго чейин көтөргөн.

Компания өзү муну ортомчу агенттиктерге шылтап жатат. Ал эми диллерлер буга комментарий берише элек. Бейрасмий маалыматтарга караганда “Билайн” оператору келишим шарттарын өзгөрткөн үчүн ушундай кадамдар жасалууда.

Өкмөткө караштуу Мамлекеттик антимонополия агенттиги бул маселени бүгүн карайт.

“Билайндын” 2,5 миллиондон ашык кардары бар. (SE)

XS
SM
MD
LG